Жайылда пенсионерди тоноп кетүүгө шектелип 2 аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
18-декабрда Жайыл РИИБге 1947-жылы туулган аял кайрылып, саат 15:00 чамасында Кара-Балтадагы үйүнөн 2 аял 600 миң сомун алып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча тоноо боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram