Abank july
SerepTV Logo

Чүйдө пенсионерге уурдалган 600 миң сомун кайтарып беришти

Чүйдө пенсионерге уурдалган 600 миң сомун кайтарып беришти
Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат беришип, Жайылда пенсионерди тоноп кетүүгө шектелип 2 аял кармалганын билдиришкен. 18-декабрда Жайыл РИИБге 1947-жылы туулган аял кайрылып, саат 15:00 чамасында Кара-Балтадагы үйүнөн 2 аял 600 миң сомун алып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча тоноо боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994 жана 1998-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Бүгүн, 24-январда Чүй ОИИБ менен байланышканыбызда, пенсионерге уурдалган 600 миң сом кайтарып берилгенин билдиришти.