Чүйдө пенсионерди карактаган шектүү кармалды

Каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кылмыш Ысык-Ата районунда болгон. 76 жаштагы жабырлануучунун айтымында, анын үйүнө электрик келген. Анын алсыздыгынан пайдаланып, пенсиядан топтогон акчасын тартып алган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) катталган. Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1985-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.