Чүйдө сугат суунун айынан эки айылдын тургуну мушташа кеткен

Кечээ, 23-июнда Искра айылында эки айылдын тургундары мушташа кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышкан. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексининин 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жерине барган милиция кызматкерлери Сайлык айылынын 50 жаштагы тургуну Сайлык айылы менен Искра айылына бөлүштүрүлүп жаткан сугат сууга нааразычылыгын билдирип, коомдук тартипти бузганын аныкташкан. Кайым-айтышуу мушташка чейин жетип, 50 жаштагы киши Искра айылынын 34 жаштагы тургунун ур-токмокко алган. Жабыркаган киши аймактык ооруканага кайрылган. Факты боюнча бардык экспертизалат дайындалган. Милиция тарабынан тиешелүү иштер аткарылууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү менен биргеликте масштабдуу профилактикалык иштерди жүргүзүштү. Бүгүн кырдаал туруктуу.