Чүйдө суу сактагычка 37 жаштагы киши чөгүп кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча-3 суу сактагычына адам чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 8-январь күнү таңга маал 37 жаштагы киши суу сактагычка чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге 13 куткаруучу жеткирилген. Жарандын жансыз денеси ошол эле күнү кечинде табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.