Аламүдүн суусунан наристе изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 19-июлда таң эрте Аламүдүн суусунда издөө иштерин улантуу максатында Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 22 куткаруучу чыккан.
18-июлда эс алуу жайында С. кызы К. аттуу кичинекей кыз Аламүдүн суусуна түшүп кетип, кызын куткарам деп 1996-жылы туулган келин сууга түшүп кеткен.
Кечээ, 18-июлда куткаруучулар аялдын сөөгүн таап, кичинекей кыз табылган эмес. Учурда издөө иштери жүрүүдө.