Чүйдүн Аламүдүн суусунан бир аптадан ашык убакыттан бери изделип жаткан наристенин сөөгү бүгүн, 27-июль күнү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн издөө ишине ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы “Таштар-Ата” дачасынын аймагында агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган.
Куткаруучулар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эске салсак, 18-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайындагы Аламүдүн суусуна 2022-жылы туулган кыз апасы менен түшүп кеткен. Ошол эле күнү келиндин жансыз денеси табылган.