Жайыл районунда ГАЗ-53 унаасынын газ баллону жарылып, айдоочу көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 22-апрелде болжол менен саат 05:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 64-чакырымында катталган. Унаа май куюучу жайдан метан газын толтургандан кийин жарылып кеткен. 1990-жылы туулган айдоочу ошол жерде каза болгон.
«Окуя болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Май куюучу жай убактылуу ишин токтотту. Окуянын чоо-жайы такталууда»,- деп айтылат маалыматта.