Чүйдө таксистке 14 жолу бычак саюуга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал учурда сурак берип жатат.
11-июлга караган түнү Бишкектен Новопавловка айылына айдатып барган айдоочуга белгисиз адам 14 жолу бычак менен жаракат келтирген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.
«Такси айдоочу Бишкектин Тунгуч кичи районунан кардарды алып, андан соң аны менен Новопавловка айылына барганы аныкталган. Кардар жол киренин электрондук капчыгы аркылуу төлөгөн. Кийин жүргүнчү күтүүсүздөн бычагын алып чыгып, таксистке кол салган. Айдоочу унаадан чыгууга үлгүргөн. Таксист 14 бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Ал эми шектүү жакынкы аралыкта кармалат», — дешкен милициядан.