Чүйдө адвокат кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2-декабрда Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан аны кызматтык кылмыш жасоого азгыруу аракети тууралуу маалымат келип түшкөн. Кылмыш ишине катышкандардын өкүлү бир нече жолу пара сунуштоо менен объективдүү тергөөнүн жүрүшүнө мыйзамсыз таасир этүүгө аракет кылган. Билдирүүгө ылайык, 1981-жылы туулган адвокат айыпталуучулардын аракеттерин жеңилирээк беренеге кайра квалификациялоо үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө акча сунуштаган. Тергөөчү мыйзамсыз аракеттер тууралуу жетекчиликке дароо кабарлаган.
Көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) негизинде кылмыш иши козголду. Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 3-декабрда кылдааттык менен пландаштырылган ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, адвокат кармалды. Анын 215 миң сом акчаны Сокулук РИИБдин тергөөчүсүнүн иш бөлмөсүндө берилгендиги катталган.
УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул...
Нарын облустук милициясы маалымат таратып, 1-апрель күнү Нарында 7-класстын окуучусу Эрбол Абийиров өз жанын кыйганын билдирген. SEREPTV каналы Эрболдун бир...
УКМК тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында жашы жете электерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз алып чыгуу үчүн туруктуу каналды уюштуруу, Кылмыш-жаза...
УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схема аныкталды. Тактап айтканда,...
Ош шаардык милициясы мурда маалымдагандай, 9-март күнү Ош шаарынындагы “Юниум” аталышындагы жеке мектебинин мугалими арыз менен кайрылып анда аны 1-класстын...