Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келиндин жакындары дарыгерлерге нааразычылыгын билдиришти

Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган 36 жаштагы келин кечээ, 12-февралда жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин бир тууган сиңдиси билдирди.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөнүн, 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгонун билдирген.

«Бул эжемдин 9-төрөтү болчу. Эжемдер буга чейин Токтогулда турушчу. Ал жердеги үйүн сатышып, Кара-Балтага көчүп келишкен. Бул жакка көчүп келгени төрөтканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, ушул жакта төрөрүн айтып келгенин айткан. Эжем кечээ, 12-февралда жерге берилди. Балдарынын улуусу 18 жашта. Азыр жаңы төрөлгөн ымыркай төрөтканада, абалы жакшы дешти. Кечээ сиңдим барып көрүп келди»,- деди бир тууганы.

Ал ошондой эле, төрөтканадагы дарыгерлерге нааразычылыгын билдирди. «Эжем өзү кесарево жолу менен төрөйм деп жаткан. Анткени буга чейинки бир төрөтүндө кыйналып калганын айткан. 10-февралда төрөтканага барган. Саат 15:00дө төрөй турганын айтат. Бирок ачыла элек экен деп, 17:00гө калышкан. Эжем кыйнала баштаган экен.  Дарыгер «8 баланы төрөгөн, тогузунчуну деле өзү төрөйт» деп кесарево кылууга болбой коюптур. Эмнеге кесарево кыл деп барган келиндин өзүн төрөтүшөт? Биздин нааразычылыгыбыз дал ушунда», — дейт бир тууганы.

Редакция дарыгерге айтылган нааразычылык боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева менен байланышканыбызда, иликтөө жүрүп жатканын айтты. «Иликтөө иштери жүрүп, Окуя болгон аймакта иштеп жатабыз. Документтер каралууда. Дарыгерлерге суроо берилип, жооп алынат. Ошонун жыйынтыгы менен маалымат беребиз», — деди ал.