Панфилов районунда травматикалык тапанча менен эки адамга ок атууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-июль күнү Панфилов РИИБге аймактык ооруканага 1991-1997-жылкы эки жаран ок атуучу куралдан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул малыматтын негизинде дароо Панфилов РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым богон.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилип анын травматикалык тапанчасы алынган. Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.












