Чүйдө туугандардын урушун арачалап жаткан киши ооруканада көз жумду

Чүй районунда адамга бычак сайылып, ооруканада каза болду. Шектүү камалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

13-ноябрь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасына денесине бычак сайылып, Кайырма айылынын 1975-жылы туулган тургуну жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай, алган жаракаты оор болгондуктан, эсине келбей каза болду. Аталган окуя боюнча адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды.

Кылмыш туугандар арасында болгон уруштун айынан экендиги аныкталды. Каза болгон адам урушуп жаткан адамдарды арачалайм деп жатып бычак менен жаракат алган. Ал шектүү болуп камалган адамдын жездесинин досу болуп чыкты. Тергөө уланып жатат.