Чүйдө тууганы тарабынан сексуалдык аракеттерге туш болду делген 11 жашар кыздын чоң атасы асынып алды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, 31-январда Аламүдүн РИИБге Арашан айылындагү үйлөрдүн биринде эркек киши асынып, көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге милиция кызматкерлери барып, анын 1958-жылы туулган жаран экенин аныкташкан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда криминалдык тактар байкалган эмес. Факты каттоого алынган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркум жазган кат табылган. Анда анын окуяга эч кандай күнөөсү жок экенин жазып, кечирим сураган. Кийинчерээк маркумдун сексуалдык аракеттерге туш болду делген 11 жашар кыздын чоң атасы экени аныкталган. Тергөө жүрүп жатат.
Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Чүй облусунун Арашан айылында 11 жаштагы кызга сексуалдык аракет жасаган делип, 34 жаштагы тууганы кармалганын билдиришкен. Кызды чоң апасы менен чоң атасы тарбиялап келген.












