Чүйдө унаа менен поезддин алдында калган үй-бүлө. Үй-бүлө башчысы операцияга муктаж

Буга чейин Чүй ОИИБден Ысык-Атадагы темир жолдо болгон кырсык тууралуу маалымат беришкен. Кырсык 13-ноябрда Жээк менен Дмитриевка айылдарынын ортосунда катталган. ВАЗ 21150 үлгүсүндөгү унаанын 1984-жылы туулган айдоочусу поезддин алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган. Алар жеңил унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 18-ноябрда унаанын ичинде бир үй-бүлө болгону маалым болгон. Унаада айдоочунун 3 жашар баласы жана жубайы болгон. Түгөйлөрдүн 4 баласы бар. «Унаада жакшы эле кетип бара жатканбыз. Жолдошум ойлонуп кетти окшойт. Оң жакты карасам эле шаардан поезд келе жатыптыр. Унаа ошол жерде өчүп калды. Качканга үлгүрбөй калдык. Окуя тез эле болуп кетти, эмне болгонун түшүнгөн жокпуз», — деген келин.

Бүгүн, 5-январда кырсыкта жабыркаган Улан Алидиновдун бир тууганы кайрылып, учурда үй-бүлө башчысына операция керек болуп жатканын айтып, коомчулуктан жардам сурады. «Учурда агам 4-шаардык ооруканада. Суук болгон күнү ооруп калып, ошол бойдон абалы начарлап кетти. Эртең операция жасатыш керек дешти. 75 миң сом болот экен. Азыр ал акчаны топтой албай жатабыз. Менин өзүмдүн да балдарым бар. Ата-энебиз жок. Мурдагы операцияларда туугандарыбыз акча чогултушуп жасатканбыз. Азыр башына пластмасса тагыш керек экен», — деген бир тууганы элге кайрылды.

Ал ошондой эле учурда 3 жашар баласынын абалы жакшы экенин айтты. Жардам берүүнү каалагандар үчүн Мбанк: 0504248624 Мирлан Алидинов (бир тууганы).