Чүйдө унаа учура сүзүп кеткен кыз көз жумду. Ал 23 жашта болчу

Чүйдүн Петровка айылында унаа сүзүп кеткен кыз көз жумду. Маалыматты журналисттерге Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз бүгүн, 30-апрелде көз жумган. Буга чейин жол кырсык 29-апрелде катталганы маалым болгон. БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 1999-жылы туулган кызды сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Кыз ооруканага жеткирилген. Кийин кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалган.