Бүгүн, 28-июнь күнү Сокулук айылындагы Тынчтык көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:31де 2 бөлүм тартылып, толук өчүрүү иштери жүргүзүлдү. Куткаруучулар издөө учурунда 71 жаштагы жаранды табышкан. Түтүнгө ууланып жеңил жаракат алган жаран ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу. Ошол эле өрт чыккан үйдөн 2006-жылы туулган жаран түтүнгө ууланып, каза болгон. Анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Токтогулда кыштоодо мал караган балдар калып калганы айтылды (видео)
Социалдык тармактарда акыркы катуу жааган кардан улам Токтогул районунун Толук айылында кыштоодо айылдын малы менен кошо мал караган балдар калып...












