Чүйдө үй толугу менен күйүп кетти

Чүйдө үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук районунун Маловодное айылынын Молодежный көчөсүндө жайгашкан жыгач устундун үстү темир калай менен жабылган, аянты 100 чарчы метр болгон турак үй жана эмеректер толугу менен күйүп кеткен. Өрт мешти жагууда өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан чыккан.

Өрт саат 09:55те чектөөгө алынып, 11:40та толук өчүрүлдү.