Чүйдө үйдөн чыккан өрт 1 адамдын өмүрүн жалмады

Иллюстрация

Кечээ, 18-декабрь күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:45те 1 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Тилекке каршы өрттүн кесепетинен аял киши түтүнгө ууланып каза болду. Маалыматка ылайык, аталган жаран эпилепсия оорусу менен жабыркап келген. Кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган эркек киши да жабыркаган. Куткаруучулар жаранды үйдөн чыгарышып, биринчи жардам көрсөтүү менен ооруканага жеткиришти.