Чүйдө үйдөн чыккан өрт 85 жаштагы карыянын өмүрүн алды

Чүйдө өрт кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 09:07де 1 бөлүм тартылып, өрт саат 09:37де чектөөгө алынган толук 09:43тө өчүрүлгөн. «Өрттүн кесепетинен 85 жаштагы эркек киши каза болду. Куткаруучулар жансыз денени чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.