Чүйдөгү өрт кырсыгында бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-октябрь күнү саат 23:35 чамасында ӨКМге Москва районундагы Петровка айылындагы үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге бир бөлүм тартылып, саат 00:05дө өрт чектөөгө алынган жана 01:00дө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен эркек киши каза болгон, учурда аты-жөнү такталууда.












