Чүйдө "зебрадан" мектеп окуучусун сүзүп кеткен айдоочу тууралуу маалымат
Кечээ, 4-майда Тойота Сиена үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден мектеп окуучусун сүзүп кеткени тууралуу видео тараган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/aidoochu-joo-jyrgynchylor-otyychy-jerden-mektep-okuuchusun-syzyp-ketken-video-tarady/">тараган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык тууралуу маалымат беришти.
"4-майда саат 13:00 чамасында 1980-жылы туулган Кореянын жараны Тойота Сиена үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек-Сокулук-Чалдабар унаа жолунун 9-чакырымында бара жатып, 2006-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Кыз алган жаракаттары менен Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.