Чүйдөгү кондитердик цехтен өрт чыкты (сүрөт)

Чүйдө кондитердик цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок шаарындагы Максим Горький көчөсүндө ачык аянтта куураган чөп күйүп, кондитердик дүкөнүнө өтүп, цех жана анын кампасынын ичиндеги каробкалар күйгөн. Жалпы аянты 815 чарчы метрди түзөт. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок. Өрт саат 18:16да толугу менен өчүрүлдү.