Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалды.
12-апрелде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматына К.Д. аттуу жаран 2023-жылдын 1-декабрынан 2024-жылдын 1-мартына чейин Баялинов көчөсүндөгү административдик имаратта ишенимге кирип, Жоопкерчилиги Чектелген Коомдордун биринин уюштуруучусу алдамчылык жол менен автоунааларды Кытайдан алып келип берем деп шылтоолоп, 332 миң 500 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алып, автоунааларды бербей койгон О.И. аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.