Чүйдөгү «Таза конок» ишканасынын жетекчиси кармалды. Ага 3 берене менен кылмыш иши козголду

УКМК «Таза конок» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин кармалышы боюнча маалымат берди.

УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Таза Конок» муниципалдык ишканасынын жетекчиси, ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды. Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.

17-январда  УКМК тарабынан жетекчиге карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.