Чүй облусунун айланма жолунда чоң жол кырсыгы катталып, каза болгондор бар экендиги айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, беш унаа кагылышкан, анын бири Hyundai Porter болгон.
Жол кырсыгы бүгүн, 1-сентябрда саат 16:00 чамасында Ивановка айылына жакын жерде катталган. “Окуя болгон жерде каза болгон адам бар”, — деп айтылат маалыматта.