Чүйдүн Ак-Торпок айылында жол кырсыгынан 1 киши каза тапты, 11 адам жабыркады

Бүгүн, 28-мартта таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан. Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу тартылды. Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.