Чүйдүн тургуну баласы зордукталганын айткан. Кайрадан тергөө иштери жүрө баштады

Чүйдө 2010-жылы туулган баланы зордуктоо боюнча кайрадан тергөө башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2021-жылдын 7-июнь күнү Сокулук РИИБге 1941-жылы туулган жаран кайрылып, 2010-жылы туулган уулу менен жыныстык катнашка барган 2007 жана 2002-жылы туулган балдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Сокулук РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында 2010-жылы туулган өспүрүмдүн денесинде эч кандай жаракаттар жок экени аныкталган. Тергөө учурунда арыз жазган жаран анын уулун эч ким зордуктабаганын айтып, уулу жалган айтканын билдирген. Соттук-медициналык экспертизанын жана арыздын негизинде кылмыш иши 12-июнда токтотулган.

2022-жылдын 7-февралында сотко чейинки өндүрүштү токтотуу боюнча тергөөчүнүн токтому райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн. Бул иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында денесинен эч кандай жаракат жок экендиги аныкталган. Андан соң тергөө токтотулган. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, арыз ээсинин жаңы жүйөлөрү текшерилип жаткандыктан, кечээ күнү прокуратура токтотуу чечимин кайра жокко чыгарган.