Кыргызстандагы казак диаспорасынын башчысы Марат Токтоучиков мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип камакка алынды. Бул тууралуу «Kaktus.media» агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Буга чейин УКМК Кыргыз Республикасынын 2 жараны чыккынчылык кылгандыгы үчүн кармалганын билдирген эле.
Кийинчерээк, УКМК алардын бирөөсү саясат таануучу Марат Казакпаев экенин тастыктаган. Ал эми экинчиси М.Т. экенин айтышкан.
М.Т.- Кыргызстандагы казак диаспорасынын башчысы Марат Токтоучиков экендиги маалым болду.