«Дөө Чыңгыздын» өлтүрүлүшү. Соттук отурум жылдырылды

Бишкектин Октябрь райондук соту кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун (Дөө Чыңгыз) өлүмү боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Шектүү — 10 адам. Алардын арасында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүргөн деп мурда соттолгон Санжар Сапарбеков жана ЖАКтын кызматкерлери бар. Мындан тышкары Данияр Шүкүров, Эрнис Кубанычбеков, Мухамед Замирбеков, Сыймык Биримкулов жана Доорон Асанбек уулу айыпталууда.

Айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калганына байланыштуу сот отуруму жылдырылды. Судья Кубанычбек Касымбеков жактоочу процесске атайын келбей, телефонун өчүрүп койгонун билдирди.