Бишкекте мектептин дааратканасында окуучу кыздар мушташты. Кыздардын бири буга чейин бакта окуучуну сабаган (видео)
Кечээ, 28-апрелде социалдык тармакта дааратканада эки кыз мушташып жаткандагы видео тараган. Милиция окуя боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, 28-апрелде Октябрь РИИБге шаардын тургуну кайрылып, 25-апрель күнү мектептердин бириндеги дааратканада анын 2011-жылы туулган кызын сабаган окуучуга чара көрүүнү суранган. Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, экспертиза жүргүзүлгөн. Окуяга тешеси бар жарандар көрсөтмө беришти. Кыздын апасына 3 миң сом айып салынды.
Буга чейин да бир видео тараган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/okuuchu-kyz-4-klasstyn-okuuchusun-sabagan-video-tarady/">тараган. Анда кызды сабап жатканы тартылган. Милиция №56 мектептин директору жана башкы мугалими жазага тартылып, кыздын апасына 1000 сом айып салынганын кабарлаган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/4-klasstyn-okuuchusun-sabagan-okuuchu-milicziya-apasyna-aiyp-saldy/">кабарлаган. Ал 6 айга профилактикалык эсепке алынып, эки жумалык онлайн окутууга которулган, үй-бүлө менен жекече иштөө программасы түзүлгөн.