Милиция кызматкерлери тарабынан чет элдик студенттерге карата жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
25-январда ШИИБдин «102» нөөмөт бөлүмүнө саат 01:00 чамасында Шопоков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде чет элдик жарандарга карата жасалган каракчылык фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда маалымат такталган. Ал эми белгисиз адамдар чет элдиктердин батирине кирип, белгисиз курч буюм менен коркутуп ар кандай маркадагы уюлдук телефондорун жана 500 доллар жана 5 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алып кетишкени аныкталган. Андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 207-беренесине ылайык (каракчылык) кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери, кылмышка шектүүлөрдү кармаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram