«Дайсон» фенин алып… Бишкекте үйгө бастырып кирип, тоноого шектүү кармалды

22-март күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге А.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 21-март күнү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Восток-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу уйлөрдүн биринде ачык түрдө кирип күч колдонуп, 37 миң сомду түзгөн эки уюлдук телефонун, 620  долларды түзгөн “Дайсон” маркасындагы фен, зергерчилик буюмдарды жана түрк валютасындагы бир нече лираларды тартып алган. Андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1985-жылы туулган А.Б., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.