Нарында адам өлтүрдү деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 28-мартта Нарын шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө кечки саат 21:40 чамасында билдирүү келип түшкөн. Анда Нарын шаарындагы Көлбай дүкөнүнүн жанынан адамга бычак сайылгандыгы жөнүндө маалымдалган.
Окуя Нарын шаарынын 1991-жылы туулган жана 1973-жылы туулган тургундары спирт ичимдигин ичип отурган кезде болгон. Анда 1987-жылы туулган жаран келип, ортодо пикир келишпестиктен улам 30 жаштагы адамды учтуу темир менен сол жак далысына сайып жиберген. Мындан улам аталган окуяга шектелип Нарын шаарынын тургуну экени, ал убактылуу жумушсуз жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталган.
«30 жаштагы тургун жыгылып калган учурда 34 жаштагы адам качып кеткен, ал эми жанындагы бөтөлкөлөшү «Тез жардам» кызматына чалган. Жабыркаган адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы аныкталган. Бирок ал алган жараатынан улам эсине келбестен каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка шектелген 1987-жылы туулган жаран кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү убактылуу кармоо жайында. Ошондой эле бул факты боюнча Нарын ШИИБү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши ачылган, бүгүнкү күндө тергөө амалдарды жүргүзүлүп жатат.