Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбековдун баш коргоо чарасы каралып жатат

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Бүгүн, 9-июнда алардын баш коргоо чарасы каралат.

Данияр Нарымбаев менен Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган. Айтылган маалыматтар боюнча, алар «Кумтөр» иши боюнча камакка алынганы жатат.