УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору тарабынан 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысын аныктады.
Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97-үй дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү (помещение) ижарага алуу укугун (келишимди) узартуу үчүн талап кылган. 4-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору А.С.С. 1000 доллар өлчөмүндөгү каражаттардын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалды. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 15 адамдан турган туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгү токтотулду. Аталган жактар...
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-январда саат 18:00 чамасында Чүй проспектиси менен...
5-февралда Ысык-Ата РИИБине 1981-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 5-февралда...
Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара учурунда Кара-Суу районунун аймагында ортого акча коюп, кумар оюну катары короз...