«Денеси толугу менен күйүп, башы эле калган». Кеминде үрөй учурган окуя катталды

Бүгүн, 24-февралда ӨКМ маалымат таратып, Кеминде 22-февралда үй өрттөнгөнүн, ичиндеги 1951-жылы туулган киши көз жумганын билдирген.

«Турмуш» басылмасы күбөлөргө шилтеме берүү менен кишинин үйдө жалгыз жашап келгенин, денесинин 90 пайызы күйүп, башы эле калганын жазды. «Үй ичинен күйө бериптир, жалындап баштаганда гана кошуналар көргөн. Маркум полго жатып калып, жыгач менен кошо күйүп кеткен», — деп жазылат маалыматта.