Депутат Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун кылмыш иши сотко өттү. Ал Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралат. Кечээ, 10-январда анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жактоочусу журналисттерге билдирди.

Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланып, 31-декабрда ага депутаттык күбөлүгү менен төш белгиси тапшырылган. Ал 6-декабрда улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип, камакка алынган болчу.