Депутат Бакытбек Жетигенов камактан бошотулду. Бул тууралуу адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.
Жактоочунун айтымында, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Бакытбек Жетигенов сот залынан бошотулду. Кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуудан баш тартуу чечимин колдогон.