Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма чет өлкөлүк валютаны сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары жасалма 50 миң АКШ долларын сатуу үчүн сатып алуучуларды издеп жаткан адам тууралуу ыкчам маалымат алышкан.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун тургуну 2003-жылы туулган тургуну кармалган.
Далил катары андан жасалма 400 АКШ доллары алынган. Алынган купюралар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алынган маалымат боюнча жасалма акчалар чет өлкөлөрдөн алып келинген. Жасалма чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо боюнча мындан аркы иштер жүрүп жатат.
Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.