Депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташтын видеосу тарады

Депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылды. Ал сабоого айыпталууда. Бул тууралуу кечээ, 12-мартта Октябрь райондук милициясынан билдиришкенин Акипресс жазды.

Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милициядан мушташтын бардык катышуучулары аныкталганын жана тергөө иштери улантылып жатканын билдиришти.

Депутат Жаныбек Абиров өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек.

Буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.

11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда курулган көп тармактуу эс алуу аянтчасынын ачылышына катышканын парламенттен маалымдашкан.