Депутат: «Жаныбек Абировго козголгон кылмыш иши токтотула элек»

Депутат Жаныбек Абировго козголгон кылмыш иши токтотулган жок. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу тараптын тосмо арыз жазганына карабай, соттук териштирүүлөр уланууда.