12-мартта Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Интернет колдонуучулар мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанып, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда. SUPERTV’га күбө окуя тууралуу, жабырлануучунун апасы уулунун абалы тууралуу айтып берди.
«Мен «Золотой дракон» деген жердин кароолчусу болом. Жанымдагы бала экөөбүз ичкери кирсек, 3 бала отурган столдо бирөө ыйлап жатыптыр. Биз өзүбүздү тааныштырып, эмне болгонун сурасак, түшүндүрдү. «Бул жерде ызы-чуу болбойт, эшикке барып сүйлөшөлү» дедик. Башында анын депутат экенин деле билген эмеспиз. Чуркап келип эле бизди желкеден алып, мушташ болуп кетти. Биз да неге ал чуркап келгенин да билбей калдык. 8 адам экөөнө кол көтөргөн болбойт да. Милицияга чалдым, келгиче алар качып кетишти», — деди күбө.
Депутат Жаныбек Абиров окуя болгон күндөн бери үн ката элек.