Депутат Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды

Депутат Рыскелди Момбеков Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды. Бул тууралуу өзү журналисттерге ырастады. Маалыматка караганда, эл өкүлү бүгүн, 1-июлда саат 15:00дө суракка барышы керек. Анын айтымында, суракка чакыртылганынын себебин билбейт.

Момбеков буга чейин УКМКга «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Сурактан чыгып, УКМК мага «чакырганда келип туруңуз деди» деген эле. Ал эми 22-июнда ИИМге сурак берип чыккан эле.