Депутат Рыскелди Момбеков таксистке кол көтөрбөгөнүн айтып чыкты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксистке кол көтөрбөгөнүн билдирип чыкты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялаган видеодо айтылат.

«Карандай калп. Мен өмүрүмдө айдоочу да, жан сакчы да жалдаган эмесмин. Ал окуя боюнча үн катпай эле коёюн дегем. Маалыматты мен эмес, Ички иштер министрлиги иликтеп таратышын бир күн бою күттүм. Арыз жазган жигит мага «отуруп келгем» деген. «Ош базарынан» чыкканымдан кийин бул жигит менин жолумду кесип чыкты. Капталдап өтүп, ага «акшыңдабай эле айдабайсыңбы» десем, ал мени сөгүп салды. Көңүл бурбай койгом, бир маалда күзгүдөн карасам, мени кууп келе жатат. Анан машинасын айдап келип, мени тосту. Эшигимди ачканга аракет кылды, кийин терезеден эки-үч жолу муштап жиберди. Көчөдө тургандар күбө болду. Ким сабаганын билбейм. Ал мага кол салды жана мага карата уюштурулган чагым экенин билип турам», — дейт депутат.

Кечээ, 4-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана анын жан сакчысы таксистти сабаган деп шектелип жатканын Биринчи Май РИИБден маалымдашкан.