Депутат: «SUPERTV телеканалынын журналистин сабап кеткендер 1 жумадан бери табылбай жатабы?» (видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкекте SUPERTV телеканалынын журналисти сабалганы, кылмышкерлер 1 жумадан бери табылбай жатканын айтты.

«Урматтуу ИИМдин өкүлдөрү, журналисттерди сабап кетишти деп көп айтылып жатат. Азыр эле жаңылыктарга чыгып жатат. SUPERTV телеканалынын журналисти Бактурсун Жоробековдун телефон, капчыгын уурдап, 4 адам сабап кетиптир. Азыркыга чейин табыла элек дейт. 26-октябрдан бери канча өттү?! 1 жумадан бери кылмышкерлерди таба албай жатасыздарбы?» — деген суроо салды депутат.

Буга ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев жооп берди. «Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуя түн ичинде болгон. Чын эле сабап кетишиптир. Учурда толук кандуу иштер жүрүп жатат. Жакында кылмыш иштин бети ачылат. Бул убакытты талап кылат экен», — деди ал.

26-октябрда Бишкекте SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалган, кол салуу анын журналисттик ишине байланыштуу болушу мүмкүн. Ленин райондук милициясы арыздын негизинде кылмыш ишин козгоп, сабагандарды издеп баштаганын билдирген. Кол салууга дуушар болгон журналист башынан өткөн окуя тууралуу маекте кенен айтып берген