Royal
SerepTV Logo

SuperTV'нын кабарчысы сабалды. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн

SuperTV'нын кабарчысы сабалды. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн
SuperTV'нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков сабалды. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда SuperTV'нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалды. Журналисттин айтымында, кечээ күнү редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалганын, ага чейин да чалуулар болуп, аны коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн. "Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө "Бул SuperTV'нын журналисти" деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр", - деди Бактурсун Жоробеков. Учурда SuperTV'нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков Ленин райондук милициясында арыз жазып жатат. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="144726,144727,144728,144730"]