Депутат Төрөбай Зулпукаров УКМК тарабынан кармалды

Депутат Төрөбай Зулпукаров “Кумтөр” маселеси боюнча УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, эл өкүлү «Кумтөр» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси боюнча шектелип жатат.