Депутаттын бир тууганы акча талап кылууга шектелип кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кечээ, 29-декабрда Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башкы инспекторун 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу УКМК маалымат таратып, иш пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жатканын билдирди.

Бажы кызматкери өлкөнүн аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүш үчүн жеке ишкерден акча талап кылганы аныкталган.

Кармалган жаран — Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы.