Abank
SerepTV Logo

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл 7-сентябрга чейин камакта калтырылды

«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл 7-сентябрга чейин камакта калтырылды
«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл соттун чечими менен камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 7-сентябрга чейин Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде камакта болот. Ошондой эле ал Жазык кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты (уюшкан топту түзүү же ага катышу) жасоого шектелүүдө. 8-июль күнү “Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракеттери жүргүзүлүп, анын унаасы аткыланганы маалымдалган. Кийинчерээк УКМК үн катып, Жумагулов менен ок атышуу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ukmk-doo-chyngyz-menen-ok-atyshuu-bolgon-emes/">атышуу болбогондугун билдирген. Ал эми 15-июль күнү УКМК анын кармалганын маалымдаган. Социалдык тармактарда анын УКМКга өзү келген видеосу тараган. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/doo-chyngyz-kaimana-attuu-krimtoboldyn-ukmkga-ozy-kelgen-videosu-tarady/">тараган.